Кыргызстанда кайрадан эттин баасы кымбаттап жатат

Кыргызстанда кайрадан эттин баасы кымбаттап жатат. Бул тууралуу Айыл-чарба министри Тилек Токтогазиев билдирди. Анын айтымында, ноябрда уй этинин баасы кескин көтөрүлдү.

 

Килограммына 280 сомдон 400гө чейин. Декабрдын башында баа бир аз төмөндөп, 360 сомго жеткен. Бирок учурда кайра кымбаттоо байкалууда. Адистер мунун себебин такташууда.

 

Министр белгилегендей, кеп дүңүнөн сатылган баалар тууралуу болуп жатат. Эске салсак, буга чейин айыл-чарба министрлиги малды экспорттоого тыюу салган.