Нарын шаарынын борбордук бөлүгүндө таза суу берүү үзгүлтүккө учурады

Нарын шаарынын борбордук бөлүгүндө таза суу берүү үзгүлтүккө учурады. “Турмуш” басылмасы билдиргендей, калаадагы Шералиев жана Токтосунов көчөлөр кесилишиндеги магистралдык түтүктө жарылуу катталды. Жеринде “Нарын суу канал” ишканасынын кызматкерлери тынымсыз иш алып барууда. Жумуштар аяктагандан кийин таза суу берүү калыбына келтирилет. Белгилеп кетсек, учурда Нарын шаарынын… Кененирээк…

Чүй облусунун Озерная айылындагы жаңы мектептин курулушу 60 пайызга аткарылды

Чүй облусунун Озерная айылындагы жаңы мектептин курулушу 60 пайызга аткарылды. Архитектура жана курулуш агенттигинен билдиришкендей, объекти 375 окуучуга чакталат. Иштер былтыр башталган. Учурда иштер спорт жана акты залдарында, от казанды орнотуу, монтаждоо жумуштары жүрүп жатат.  Каржылоо Сауд Өнүктүрүү фондунан алынган насыянын эсебинен жүргүзүлөт. Долбоорду ишке… Кененирээк…

Ош облусундагы эл аралык унаа жолдорду кардан арылтуу иштери аткарылууда

Ош облусундагы эл аралык унаа жолдорду кардан арылтуу иштери аткарылууда. Облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, аба-ырайы кескин өзгөргөндүктөн, жолдор тайгак болуп, муз тоңду. Учурда иштер Бишкек – Ош, Ош – Сары-Таш – Эркеч-Там жана Ош – Исфана тилкелеринде аткарылууда. Андан улам айдоочуларга коопсуздук… Кененирээк…

Ошто милициянын кайгуул кызматына кабыл алуунун 2-туру аяктады

Ошто милициянын кайгуул кызматына кабыл алуунун 2-туру аяктады. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, дене тарбия нормативдерин ийгиликтүү тапшырган 152 адам комиссиянын маектешүүсүнө кирип, 72си өттү. Эми алар кесиптик даярдоо боюнча окутууга жөнөтүлөт. Алардын 29у башкарма курам болсо, калгандары кенже курам. Эске салсак, милициянын кайгуул кызматы былтыр… Кененирээк…

Кыргызстандыктарга электр энергияны үнөмдөө сунушталат

Кыргызстандыктарга электр энергияны үнөмдөө сунушталат. Учурда Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү 12 миллиард 400 миллион кубометрди түзүүдө. Көрсөткүч былтыр ушул эле мөөнөт аралыгында 15 миллиард кубометр болчу. Нымдуулуктун кескин азайышы суунун киришинен чыгышы 6 эсе жогору болуп жатканына байланыштуу. Эске салсак, буга чейин өкмөт электр… Кененирээк…

Казакстанда өзгөчө жаңы жылдык балаты жасалды

Казакстанда өзгөчө жаңы жылдык балаты жасалды. Хабар билдиргендей, Нур-Султандын борборунда жиптен токулган 6 метрлик балаты орнотулат. Кыш сулуусу үчүн кооздуктар 20-20 сантиметр өлчөмдөгү ар кандай түстөгү трикотаж төрт бурчтуктардан турат. Балатыны токуганга 100дөн ашык адам катышты. Кыш сулуусу улуттук колоритти камтыйт.

Баткенде социалдык дүкөн ачылды

Баткенде социалдык дүкөн ачылды. Ага жарандар кийим-кечек, буюм, азык-түлүк таштап кетсе болот. Андагы товарларды аймактагы муктаж үй-бүлөлөр келип бекер эле алып кете алышат. Дүкөн дүйшөмбү жана жума күндөрү иштейт. Белгилеп кетсек, мындай дүкөн учурдагы кырдаалга байланыштуу мекендештерге жардам көрсөтүү ниетинде ачылды.

Төө-Ашууда жана Боом капчыгайында кыймыл татаалданды

Төө-Ашууда жана Боом капчыгайында кыймыл татаалданды. Туман түшүп, кар жаап, жолдор тайгак болот. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, аба-ырайынын бузулушу 29-декабрдан 31ине чейин күтүлөт. Бишкек – Ош жана Бишкек – Торугарт унаа жолдоруна каттамга чыга турган айдоочулар ылдамдыкты жогорулатпай, коопсуздук эрежесин бузбай, унаалар ортосундагы аралыкты… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгүндө жарык өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө жарык өчүрүлөт. “Түндүк электр” ишканасынан билдиришкендей, бүгүн кечки саат 6га чейин Сүйөркулов, Байтик баатыр, Дачный, Керченский, Чокморов, Москва, Ибраимов, Гоголь, Бөкөнбаев көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Аламүдүн-1 кичи районунда, Жогорку Төкөлдөш, Арча-Бешик, Ак-Босого жана Келечек конуштарынын айрым тилкелеринде электр энергиясы жок болот. Убактылуу чектөө… Кененирээк…

Чүй облусундагы темир жол каттамдары калыбына келтирилет

Чүй облусундагы темир жол каттамдары калыбына келтирилет. “Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришкендей, 31-декабрдан тартып облус тургундары Бишкекке поезд менен келе алышат. Бишкектен Токмокко, Кара-Балтага жана Кайыңды шаарчасына күн сайын каттамдар аткарылат. Тиешелүү уруксатты облустун өкмөттөгү өкүлчүлүгү берди. Ага ылайык, аталган багыттарга жүргүзүлгөн каттамдардын аткарылышында бардык… Кененирээк…