Шайлоодо добуш берүүгө укугу бар жарандардын акыркы тизмеси жарыяланды

Шайлоодо добуш берүүгө укугу бар жарандардын акыркы тизмеси жарыяланды. Боршайкомдон билдиришкендей, ал шайлоо тилкелеринде илинди. Ошондой эле, “Тизме” порталында жеткиликтүү.   Жарандар кайсы участокко карай турганын тактап алуу үчүн 119 кыска номуруна персоналдык номуру менен смс жөнөтүшү керек. Эске салсак, мөөнөткө чейинки президенттик шайлоо жана… Кененирээк…

Өкмөт Мамлекеттик ипотекалык компанияга жылдык үстөктү 6-8 пайызга чейин төмөндөтүүнү сунуштады

Өкмөт Мамлекеттик ипотекалык компанияга жылдык үстөктү 6-8 пайызга чейин төмөндөтүүнү сунуштады. Кеп, өткөн жылдын 1-октябрына чейин берилген насыялар тууралуу болуп жатат.   Өкмөт аппаратынан белгилегкендей, мындай чара жарандарга бирдей шарт түзүүгө багытталат. Ал эми жылдык үстөк пайыздарды компания өз эсебинен төмөндөтүшү керек болот.

Инстаграмдагы эң көп катталуучусу бар баракча Криштиану Роналдуга таандык

Инстаграмдагы эң көп катталуучусу бар баракча Криштиану Роналдуга таандык. Ага 250 миллион адам жазылган. Роналдунун көрсөткүчүн 382 миллион колдонуучусу бар «Инстаграмдын» өзүнүн расмий баракчасы гана басып өтөт.   Белгилүү футбол жылдызынан кийин америкалык ырчы, «Грэмми» сыйлыгынын ээси Ариана Гранде 214 миллион катталуучусу менен экинчи орунда… Кененирээк…

Улуу Британияда 8 жыл мурун жоголгон ит ээсине кайтып келди

Улуу Британияда 8 жыл мурун жоголгон ит ээсине кайтып келди.  Магдалена Клубчук  “рокси” каймана аты менен итин 2013-жылы жоготуп алган. Аны алгач издеп, кийин изөө иштерин токтоткон.   Жоголгон ит 31-декабрь — Жаңы жыл күнү жаныбарларды куткаруучу кызматы тарабынан ээсине жеткирилген. Куткаруучулар ээсин анын моюнуна… Кененирээк…

Кыргызстанда 8-январь расмий түрдө эс алуу деп жарыяланды

Кыргызстанда 8-январь расмий түрдө эс алуу деп жарыяланды. Тиешелүү токтомго премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койду. Белгилеп кетүүчү нерсе, бул иш күнү 3-майга жылдырылды.   Эске салсак, 8-январь шайлоолорго катышуу үчүн жарандар катталган жерлерине жетип алышы үчүн эс алуу күнү деп жарыяланды.

БШК бюллетендерди аймактардагы шайлоо тилкелерине жөнөттү

БШК бюллетендерди аймактардагы шайлоо тилкелерине жөнөттү. Комиссиядан такташкандай, алардын эң көбү, же 417 миң даанасы Бишкекке, Ошко – 723 миң, Жалал-Абадга 667 миң жөнөтүлсө, эң аз бюллетендер Талас облусуна туура келет – 158 миң.   Ал эми чет мамлекеттердеги тилкелерге 49 миң даана бюллетень жөнөтүлдү.… Кененирээк…