БШК бюллетендерди аймактардагы шайлоо тилкелерине жөнөттү

БШК бюллетендерди аймактардагы шайлоо тилкелерине жөнөттү. Комиссиядан такташкандай, алардын эң көбү, же 417 миң даанасы Бишкекке, Ошко – 723 миң, Жалал-Абадга 667 миң жөнөтүлсө, эң аз бюллетендер Талас облусуна туура келет – 158 миң.

 

Ал эми чет мамлекеттердеги тилкелерге 49 миң даана бюллетень жөнөтүлдү.

 

Жалпысынан 7 миллион документ басылды. Эске салсак, президенттик шайлоолор жана референдумда добуш берүү 10-январда өтөт.