Кыргызстанда 8-январь расмий түрдө эс алуу деп жарыяланды

Кыргызстанда 8-январь расмий түрдө эс алуу деп жарыяланды. Тиешелүү токтомго премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койду. Белгилеп кетүүчү нерсе, бул иш күнү 3-майга жылдырылды.

 

Эске салсак, 8-январь шайлоолорго катышуу үчүн жарандар катталган жерлерине жетип алышы үчүн эс алуу күнү деп жарыяланды.