2020-жылы жер адаттагыдан тезирээк айланды

2020-жылы жер адаттагыдан тезирээк айланды. National Geographic жарыялагандай, жер өз нугун бир жолу айланып чыккан сайын 28 жолу 0,4 секунд айырма болуп жатты. Акыркы 60 жыл ичинде мындай көрүнүш катталган эмес. Муну менен өткөн жыл 28 күнгө өз маалынан эрте бүттү. Жердин айлануу ылдамдыгы океандардын агымына, шамалга… Кененирээк…

Бишкектин 10дон ашык жаңы конушуна көчө жарыгы орнотулат

Бишкектин 10дон ашык жаңы конушуна көчө жарыгы орнотулат. Ордо калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришкендей, “Бишкек жарыктандыруу” ишканасы мектептерге жана ооруканаларга жакын жайгашкан 100дөн ашык жөө жүрүүчүлөр өтмөктөрүн жарыктандырып, 10 миңден ашык көчө чырактарын орнотот. Кошумчаласак, былтыр 31 жаңы конуш, эс алуу бактары жана скверлер жарыктандырылды

Ош облусунда 20-январдан тартып мектептер салттуу негизде иштеп баштайт

Ош облусунда 20-январдан тартып мектептер салттуу негизде иштеп баштайт. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда 264 мектеп кадимки тартипте, 281 мектеп алгоритм аркылуу, дагы 2 мектеп онлайн форматында иштеп жатат. Учурда билим берүү мекемелерин ачууга дезинфекциялоо жумуштары жүрүп жатат. Кошумчаласак, 2020-21-окуу… Кененирээк…

Студенттердин окуу акысын кыскартуу мүмкүн эмес

Студенттердин окуу акысын кыскартуу мүмкүн эмес. Билим берүү министрлигинин бюджеттик саясат талдоо башкармалыгынын жетекчиси Акыйкат Баймуратованын айтымында, кызматкерлерге эмгек акы төлөөгө, өркүндөтүлгөн техникалык-материалдык базаны түзүүгө жана инфраструктураны камсыз кылууга каражат керектелет. Анын баары окуу акысынан түшкөн суммадан ишке ашат. Эске салсак, буга чейин студенттер окуу… Кененирээк…

Түштүк Кореяда иттердин эмоциясын таанып билген мойнуна таккан жип чыгарылды

Түштүк Кореяда иттердин эмоциясын таанып билген мойнуна таккан жип чыгарылды. Ал жасалма интеллект аркылуу иштейт. Гаджет иттин 5 эмоциясын айырмалай алат – коркуу, жини келүү, кайгыруу, бактылуу болуу жана тынч абалда болуусун.   Эмоциялар атайын тиркеме аркылуу көрсөтүлүп турат, аны смартфонго жүктөп алуу керек болот.… Кененирээк…

Бишкек жолдору түндөн бери кардан тазаланып жатат

Бишкек жолдору түндөн бери кардан тазаланып жатат. Мэриядан билдиришкендей, штаттык режимде 640 көчө тазалоочу иштеп, кошумча 100гө жакын атайын техника тартылды.   Түнү менен борбордук көчөлөргө 160 тоннадан ашык техникалык туз себилди. Жолдорду  жана тротуарларды кар, муздан тазалоо, техникалык каражаттарды себүү боюнча арыздар 1840, 1850… Кененирээк…

Талас облусунун Манас районунда жаңы мектеп пайда болот

Талас облусунун Манас районунда жаңы мектеп пайда болот. Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинин маалыматына ылайык, жалпы билим берүү мекемеси Покровка айылында курулат.   Объект 150 окуучу чакталып, анда окуу корпусу, спорт зал, актовый зал жана ашканасы болот. Долбоорду ишке ашыруунун баасы 700 миң доллардан ашат.… Кененирээк…

Жогорку окуу жайларда кадимки форматта окуу процесси февралда башталат

Жогорку окуу жайларда кадимки форматта окуу процесси февралда башталат. Бул тууралуу Билим берүү министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирди.   Анын айтымында, өлкөдөгү жогорку окуу жайлар жана колледждердеги окуу процесси офлайн-режимге февралдын башы же ортосу менен өтүп калышы ыктымал, бул эпидемиологиялык абалдан көз каранды болот.… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 177 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 177 адам коронавирустан айыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 51, Ошто 17, Чүйдө 53, Таласта 4, Нарында 8, Ысык-Көлдө 26, Жалал-Абадда 8, Баткенде 10 бейтап ооруканадан чыгарылды.   Ушуну менен Кыргызстанда жалпысынан 78 миң 358 адам коронавирусту жеңди.

Улуу Британияда өзгөчө вакансия пайда болду

Улуу Британияда өзгөчө вакансия пайда болду. Жергиликтүү компаниялардын бирине үй тапичкелерин тестирлөөчү кызматкер талап кылынууда. Ал бир айда бир жолу 12 сааттан үй тапичкелерин кийип жүрүшү керек.   Андан кийин товар тууралуу өзүнүн пикирин кеңири жазып чыгышы зарыл. Бул жумушу үчүн ага  айына 4550 доллар… Кененирээк…