Ош облусунда 20-январдан тартып мектептер салттуу негизде иштеп баштайт.
Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык,
учурда 264 мектеп кадимки тартипте, 281 мектеп алгоритм аркылуу, дагы 2 мектеп онлайн
форматында иштеп жатат. Учурда билим берүү мекемелерин ачууга дезинфекциялоо
жумуштары жүрүп жатат. Кошумчаласак, 2020-21-окуу жылында Ош облусу боюнча
547 жалпы билим берүүчү мектеп бар. Аларда 250 миң окуучу билим алат.