Баткен облусунун мектептери дагы кадимки форматта иштеп баштады
Баткен облусунун мектептери дагы кадимки форматта иштеп баштады. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Окуу жайларды ачуу чечими аймакта эпидемиологиялык абал жакшырганынан улам кабыл алынды. Бирок тиешелүү органдарга санитардык талаптарды сактоо тапшырмасы берилди.