Бишкек мектептеринде 1-класстын окуучуларына ысык тамак мурдагы тартипте эле берилет

Бишкек мектептеринде 1-класстын окуучуларына ысык тамак мурдагы тартипте эле берилет. Бизге Билим берүү министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, тамакка келген балдар шахмат тартибинде отургузулуп, санитардык талаптар сакталат.   Белгилеп кетсек, 18-январдан тарта ордо калаа мектептеринде 1-5-9-11-класстын окуучулары салттуу режимде билим алып баштайт.

Мектептер жана жогорку окуу жайларда санитардык коопсуздук камсыздалышы керек

Мектептер жана жогорку окуу жайларда санитардык коопсуздук камсыздалышы керек. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Республикалык штабдын отурумунда жарыялады.   Анын айтымында, кеп беткап режимин сактоо, колду улам самындап жуу жана социалдык аралык тууралуу болуп жатат. Окуу жайлардын администрациясы жана профилдик мамлекеттик органдар бардык талаптардын аткарылышын… Кененирээк…

«ПСЖ» клубу 8-жолу катары менен Франциянын Суперкубогун жеңип алды

  14-январга караган түнү футбол боюнча Франциянын Суперкубогу үчүн болгон беттештин финалында париждик «ПСЖ» клубу менен «Марсель» футболдук клубу кез келди.   Оюндун 39-мүнөтүндө «ПСЖ» клубунун чабуулчусу Мауро Икарди эсепти ачты. Экинчи бөлүктүн 85-мүнөтүндө париждик клубдун дагы бир чабуулчусу Неймар пенальтиден эсеп санын 2:0гө айлантты. 4 мүнөттөн кийин «Марсель»… Кененирээк…

Савай айыл өкмөт башчысы үй камагына чыкты

Ош шаардык соту 13-январда Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидиновдун бөгөт чарасын жабык карап, аны үй камагына чыгарды. Отурумга журналисттер киргизилген жок.   «Соттун чечими менен Мунарбек Сайпидинов үй камагына чыгарылды. Ал эч жакка кетпейт. Сайпидинов өзүнө коюлуп жаткан айыптарды мойнуна алган жок.… Кененирээк…

Россияда массалык эмдөө башталат

Россия президенти Владимир Путин эмки жумада коронавирустан жапырт эмдөө ишин баштоону, бардык орусиялыктарды ал программага камтууну тапшырды. Президент 13-январда өкмөттүн онлайн жыйынында жергиликтүү препаратты «дүйнө боюнча эң мыкты» деп атап, «Sputnik V» вакцинасын чыгарууну көбөйтүш үчүн инфратүзүмдү даяр кармоо зарыл экенин белгиледи.   COVID-19 илдети… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 205 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 205 адам коронавирустан айыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 72, Ошто 20, Чүйдө 53, Таласта 4, Нарында 14, Ысык-Көлдө 26, Жалал-Абадда 6, Баткенде 10 бейтап ооруканадан чыгарылды.   Ушуну менен Кыргызстанда жалпысынан 78 миң 563 адам коронавирусту жеңди.

Маршруттук таксилерде жол кире тарифин өзгөртүү боюнча чечимди Бишкек шаардык кеңеши кабыл алат

Маршруттук таксилерде жол кире тарифин өзгөртүү боюнча чечимди Бишкек шаардык кеңеши кабыл алат. Бул тууралуу ордо калаа вице-мэри Азиз Алымкулов билдирди.   Анын айтымында, бул суроо этап менен жана мыйзам чегинде каралышы керек. Долбоор атайын экспертизадан өтүп, атайын комиссия чечим чыгарышы зарыл. Жүргүнчү ташуучулар 1… Кененирээк…

Кыргызстандын айрым шаарларында жана облустарында дарыларды кагаз түрүндө жазып берүү жоюлду

Кыргызстандын айрым шаарларында жана облустарында дарыларды кагаз түрүндө жазып берүү жоюлду. Милдеттүү камсыздандыруу фондунун басма-сөз кызматынан билдиришкендей, бул үй-бүлөлүк медицина борборлору, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана дарыкана тармактары электрондук рецепттерге өткөнүнө байланыштуу.   Алар камсыздандырылган жарандарга жана жеңилдиктер берилгендерге арналат.   Алсак, эми Бишкектин, Талас жана… Кененирээк…

Стокгольм йоганын дүйнөлүк “борбору” деп аталды

Стокгольм йоганын дүйнөлүк “борбору” деп аталды. Улуу британиялык сайттардын биринде ден-соолукту чыңдоочу көнүгүүлөр үчүн мыкты шаарлардын рейтинги жарыяланды.   Изилдөөлөргө ылайык, биринчи орунда турган Швециянын ордо калаасында йога, пилатес менен машыккан студиялар эң көп жайгашкан. Алардын саны 100дөн ашат. Рейтингди түзүүдө эксперттер  физикалык жактан дагы,… Кененирээк…

“Бишкек асфальт серфис” аба-ырайынын катаал шарттарына карабай, кадимки режимде иштеп жатат

“Бишкек асфальт серфис” аба-ырайынын катаал шарттарына карабай, кадимки режимде иштеп жатат. Мэриянын маалыматына ылайык, январдын башынан бери ишкана дарбазаларды жана тосмолорду, жол белгилерин орнотуп жатат.   Андан тышкары, жол чийиндери дагы жаңыртылууда.