Кыргызстанда эттин дүң баасы 40 сомго арзандады

Кыргызстанда эттин дүң баасы 40 сомго арзандады. Бул тууралуу Айыл-чарба министри Тилек Токтогазиев жарыялады. Анын айтымында, учурда 1 килограмм уй этинин баасы дүңүнөн 360 сомдон сатылууда.

 

Буга чейин ал 400 сомдон сатылып жаткан. Токтогазиев белгилегендей, бааны базарларда эттин башаламан алып-сатуусу менен күрөшүүнүн натыйжасында төмөндөтүү мүмкүн болду. Болбосо, эттин наркы килограммына 700 сомго чейин жетмек, — деди чиновник.