Эмомали Рахмон Тажикстан коронавирусту жеңгенин жарыялады
Эмомали Рахмон Тажикстан коронавирусту жеңгенин жарыялады. Анын айтымында, учурда вирус Тажикстанда такыр жок кылынды. Бирок буга карабай, ал тууралуу унутпай, санитардык талаптарды сактап жүрүү керек. Коңшу өлкөнүн башчысы кошумчалагандай, 2020-жылы коронавирус менен күрөшүүгө 145 миллион доллар бөлүнүп, тез арада 30 жаңы оорукана колдонууга берилди.