Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев камакка алынды

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев камакка алынды. Бул тууралуу 24 агенттиги билдирди. Маалым болгондой, өкмөттүн мурдагы башчысы мыйзамсыз баюу боюнча кармалды.

 

Андан тышкары, Абылгазиев Кумөт кени боюнча кылмыш иши менен өтүп жатат. Ал кечээ суракка чакыртылып, ошол жерден камакка алынган. Кененирээк маалымат дагы берилет.

 

Эске салсак, Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-жылдан 2020-жылдын июнь айына чейин премьер-министр болуп, өкмөттү башкарып келген.