Германия Кыргызстанга мамлекеттик карызын кечүүгө даяр

Германия Кыргызстанга мамлекеттик карызын кечүүгө даяр. Бирок шарты менен. Бул тууралуу Каржы министрлигинин Мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси Руслан Татиков жарыялады.

 

Анын айтымында, Германия дээрлик 15 миллион евро өлчөмүндөгү карызды кечет.  Ал эми бул каражатты Кыргызстан ипотекалык насыя берүүгө жумшашы керек болот.

 

Министрлик тышкы карызды жоюп салуу өтүнүчү менен бир нече мамлекетке кайрылган. Бир гана Германия буга макул болду.