Россиялык «Спутник V» вакцинасы мусулмандар үчүн адал
Россиялык «Спутник V» вакцинасы мусулмандар үчүн адал. Бул тууралуу Россиянын муфтийинин орун басары Ильдар Аляутдинов билдирди. Анын айтымында, мындай тастыктаманы вакцинаны иштеп чыккандар берди. Анын курамында Ислам динин кармангандарга тыюу салынган кошулмалар жок. Буга чейин мусулмандар вакцинанын компоненттери адал же адал эместигине кызыгышкан болчу.