Дүйнөдө азык-түлүккө болгон баа жогорулап, акыркы 7 жылдын максималдуу чегине жетти

Дүйнөдө азык-түлүккө болгон баа жогорулап, акыркы 7 жылдын максималдуу чегине жетти. Бириккен улуттар уюмунун азык-түлүк жана айыл-чарба уюмунун маалыматына ылайык, баалар 8 айдан бери өсүп жатат.  2021-жылкы январга карата дан азыктары, өсүмдүк майы жана кумшекер 7-8 пайызга кымбаттады.

Быйыл январда салык пландан ашыра чогултулду

Быйыл январда салык пландан ашыра чогултулду. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, быйылкы жылдын биринчи айында 6 миллиард 556 миллион сом салык жана төлөмдөр жыйналды. Көрсөткүч белгиленген пландан 1 миллиард 46 миллион сомго ашты. Белгилеп кетсек, өлкө казынасына акчанын көбү салык жана бажы кызматтарынан түшөт

Синоптиктер туруксуз аба-ырайы тууралуу эскертет

Синоптиктер туруксуз аба-ырайы тууралуу эскертет. Кийинки жуманын башында Кыргызстан боюнча абанын табы төмөндөйт. Метеорологдордун маалыматы боюнча, өлкөнүн басымдуу аймактарында 8-9-февралда жаан, кар жаап, катуу шамал болот. Синоптиктер эскертишкендей, мындай туруксуз аба-ырайы коммуналдык кызматтардын, ошондой эле унаалардын кыймылын татаалдантат

Түркия Ош облусуна заманбап эл аралык аба майданын куруу ниетинде

Түркия Ош облусуна заманбап эл аралык аба майданын куруу ниетинде. Бул тууралуу өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка караганда, түркиялык инвесторлор каржылоону сунуштады. Учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Белгилеп кетсек, мындан 4 жыл мурда ири долбоорго Кара-Суу районунун Мады айылынан 10 гектар жер бөлүнгөн. Аны кытайлык компания… Кененирээк…

Кыргызстанда акыркы суткада 110 адам коронавирустан айыгып чыкты

Кыргызстанда акыркы суткада 110 адам коронавирустан айыгып чыкты. Республикалык штабдан билдиришкендей, сакайгандар Бишкекте – 50, Ошто – 10, Чүйдө – 22, Талас жана Баткенде – 1ден, Нарында – 2, Ысык-Көлдө – 22 жана Жалал-Абадда – 3. Ушуну менен өлкө боюнча 81 миң 440 адам вирусту… Кененирээк…

Жалал-Абадда жаңы унаа базары мартта ачылат

Жалал-Абадда жаңы унаа базары мартта ачылат. Калаа мэриясынан билдиришкендей, учурда келечектеги соода аймагынын айланасын тозуу жана жарыктандыруу иштери жүрүп жатат. Жаңы унаа базарына транспорт каражаттары 4 тараптан кирип-чыга алат. Төлөмдөр электрондук түрдө жүргүзүлөт. Түшкөн каражат шаар бюджетине которулат. Базардын ачылышы менен Жалал-Абад шаарынын борбордук көчөлөрү… Кененирээк…

Ордо калаада милициянын кайгуул кызматы ири рейддерди өткөрөт

Ордо калаада милициянын кайгуул кызматы ири рейддерди өткөрөт. Ведомство маалыматына ылайык, мындай иштер мас абалда рулга отурган айдоочуларды, терезелерди караңгылатылган унааларды жана документи жок айдоочуларды аныктоо максатында жүргүзүлөт. Болжолдуу түрдө рейддер ушул жуманын аягында же кийинки аптанын башында өтөт. Мындай чараларга айдоочулар түшүнүү менен мамиле… Кененирээк…

Бишкекте кытайлык гранттын эсебинен жолдорду оңдоо болжолдуу түрдө 15-мартта башталат

Бишкекте кытайлык гранттын эсебинен жолдорду оңдоо болжолдуу түрдө 15-мартта башталат. Бул тууралуу novosti.kgге капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Улан Уезбаев билдирет. Анын айтымында, кайра калыбына келтирүү иштери аба-ырайынын шарттары мүмкүнчүлүк берсе эле башталат. Белгилеп кетсек, кеп, “Жол тармактарын өнүктүрүү” долбоорунун 2-фазасы тууралуу болуп жатат.… Кененирээк…

Сомдун кунун бекемдөө иштери уланууда

Сомдун кунун бекемдөө иштери уланууда. Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланган маалыматка ылайык, кечээ дагы бир ирет интервенция өткөрүлүп, 38 миллион доллар сатылды. Буга карабай акча алмаштыруу жайларында жана коммерциялык банктарда америкалык валютанын наркы 84 сом 70 тыйын жана 84 сом 90 тыйын чегинде кармалып турат.… Кененирээк…

Кыргызстандын Дзюдо боюнча курама командасы Израилдеги эл аралык турнирге катышат

Кыргызстандын Дзюдо боюнча курама командасы Израилдеги эл аралык турнирге катышат. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдеш 18-20-февраль аралыгында өтөт. Турнирге биздин өлкөдөн 60 килограммдан 100 килограмм салмакка чейинки 6 спортчу катышат. Аларды жөнөтүү спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан ишке ашат.