Бишкек – Ош унаа жолунда 113 миң куб метр кар атып түшүрүлдү
Бишкек – Ош унаа жолунда 113 миң куб метр кар атып түшүрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, алдын алуу чаралары трассанын Чычкан капчыгайы жана Көчкү-Булак тилкесинде жүргүзүлдү. Атып түшүрүү үчүн 38 снаряд колдонулду. Коопсуздукту камсыздоо жана кырсыктардын алдын алуу максатында жасалып жаткан иштер 20-февралга чейин уланат