Уктаганга жардам бере турган музыканын түрлөрү аталды. Түркия окумуштуулары 1,5 миң адамдын реакциясын изилдеп, музыканын таасирин билүүгө аракет кылышты.
Ага ылайык, уйку үчүн хэви-метал жана 1980-жылдардын, 2000-жылдардын хит ырлары идеалдуу экени тастыкталды. Ал эми дабстеп, техно жанрындагы ырлар жүрөк согушун тездетип, уктоого тоскоолдук жаратат.