Унаа жана жолдор министрлиги Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунда эстакадалык көпүрө жана туннелде ири көлөмдөгү иштерди пландап жатат. Кеп Аралдан Казарманга чейинки тилкедеги 2 көпүрө тууралуу болууда.
Объектилердеги иштердин басымдуу бөлүгү аягына чыкты, эми министрлик аларды ушул жылы жыйынтыктоо ниетинде.
Андан тышкары, Көк-Арт ашуусунда узундугу 3 миң 800 метрди түзгөн туннель курулат. Күтүлгөндөй, иштер ушул жазда башталат. Эске салсак, долбоор кытайлык компания тарабынан ишке ашырылып жатат.