Кыргызстанда төлөм картасы менен көбүнчө бишкектиктер колдонот

Кыргызстанда төлөм картасы менен көбүнчө бишкектиктер колдонот. Улуттук банктын маалыматына ылайык, ордо калаага бардык накталайсыз төлөмдөрдүн 58 пайызы туура келет.

 

Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен белгилешкендей, бул ордо калаада коммерциялык банктардын бөлүмдөрү көп жайгашканы менен түшүндүрүлөт. Андан тышкары, накталайсыз төлөмдү кабыл ала турган кызматтар дагы Бишкекте көбүрөөк. Ал эми эң аз төлөм картасы Баткенде, Нарында жана Таласта колдонулат.