Карантин эрежелерин бузган япон депутаты партиясынан чыгарылды

Японияда коронавирустун жаңы түрүн алдын алуу иш-чараларына карабастан, түнкү Токиону айланып жүргөн бийликтеги Либерал-Демократиялык партиясынын депутаты Ширасука Такаки өз партиясынан чыгарылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

 

Маалыматка ылайык, маалымат жыйында өкүлдөр палатасынын мүчөсү Ширасука 10-февралда саат 20:00дөн түн ортосуна чейин борбор шаар Токионун Акасака жана Азабужубан районундагы ресторандарда жүргөнүн моюнуна алган.

 

«Өзгөчө кырдаал күчүндө болуп турганда жолугушуу жайларына барганым үчүн кечирим сурайм» — деген Ширасука. Көрсөтмө берген соң, ал партиядан чыгаарын жана 2021-жылы октябрда боло турган кезектеги шайлоо жарышына катышпай тургандыгын билдирген.

 

Учурда Япониянын көп аймактарында өзгөчө кырдаал шарттары киргизилип, саат 20:00дөн кийин, элден, зарылчылык болбосо үйлөрүнөн чыкпоо сунушталган. Ресторандар, көңүл ачуучу жайлар, дүкөндөр жана спорт залдар саат 20.00гө чейин жабылып, 19.00дөн кийин спирт ичимдиктерин сатуу токтотогон.