Премьер-министрликке Улукбек Мариповдун талапкерлигин парламенттин көпчүлүк коалициясы жактырды
Премьер-министрликке Улукбек Мариповдун талапкерлигин парламенттин көпчүлүк коалициясы жактырды. Депутаттар ага бир добуштан колдоо көрсөтүштү. Эске салсак, Марипов Эсеп палатасынын төрагасы кызматында 2016-жылдын март айынан бери иштеп келе жатат. Ага чейин президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп эмгектенген.