Бишкекте келе жаткан эс алуу күндөрү айыл-чарба жарманкеси өтөт
Бишкекте келе жаткан эс алуу күндөрү айыл-чарба жарманкеси өтөт. Айыл-чарба министрлигинин маалыматына ылайык, 13-14-мартта шаар тургундары жана коноктору Раззаков-Токтогул, Жетишкаева-Токомбаев жана Айтматов-Токтогул көчөлөр кесилишинде орун алган жарманкелерден азык-түлүктү арзандатылган баада ала алат. Бул жерде өсүмдүк майы, эт, жер-жемиштер базар баасынан төмөн сатылат.