Бишкекте 77 бала бакча иштеп жатат. Аларга күн сайын 3 миң 43 бөбөк барууда. Тайпалар 10 баладан өз-өзүнчө топко бөлүнүп, тарбияланып, санитардык нормалар сакталат, — деп билдиришти мэриянын басма-сөз кызматынан.
Эске салсам, ордо калаада дээрлик 1 жылдан бери иштебей турган бала бакчалар 9-мартта ачылып, даярдоочу жана жогорку тайпаларга барууга уруксат берилген.
Ошондой эле атасы же энеси жалгыз тарбиялаган бөбөктөр биринчи кезекте кабыл алынары айтылган.