Шаардык кеңеш депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо эртең аяктайт

Шаардык кеңеш депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо эртең аяктайт. Андан кийин үгүттөө өнөктүгү старт алат. БШКдан билдиришкендей, агитациялоо кампаниясы 10-апрелде таңкы саат 8де токтотулушу шарт. Ошондой эле талапкерлер жарышка катышуудан бар тарта алышат. Мындай билдирүү добуш берүү уюштурула турган күндөн 3 сутка эрте берилиши керек. Эске… Кененирээк…

Google Россияга 3 миллион рубль айып төлөдү

Google Россияга 3 миллион рубль айып төлөдү. «Роскомнадзор» билдиргендей, корпорацияга мындай чара Россияда тыюу салынган маалыматты издөө формасынан алып салбаганы үчүн көрүлдү. Өлкө мыйзамына ылайык, интернеттеги маалымат издөө формасы тыюу салынган сайттарды чыгарбашы керек. Эске салсак, Google былтыр Россияга 1,5 миллион рубль айыпка жыгылган.

Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел, Өтмөк жан Чапчыма ашуулары кардан тынымсыз тазаланып жатат

Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел, Өтмөк жан Чапчыма ашуулары кардан тынымсыз тазаланып жатат. Жеринде оор техникалар жана жумушчулар иштөөдө. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, өлкөнүн тоолуу аймактарына багыт алган айдоочулардын жанында тайгактыкка каршы чынжырлары болушу зарыл. Ошондой эле айдоочулар кооптуу аракеттерди жасабай, каршы тилкеге чыкпашы керек. Кар… Кененирээк…

Уюмдар 1-апрелден тартып салык отчетун электрондук формада бере баштайт

Уюмдар 1-апрелден тартып салык отчетун электрондук формада бере баштайт. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, ишкерлер алдын-ала Salyk.kg порталындагы жеке кабинетине кириши керек. Бул үчүн сайттагы билдирүүнү толтуруп, аны басып чыгарып, каттоого турган жери боюнча салык органына тапшыруу зарыл. Жеке кабинетке кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондон кийин андан… Кененирээк…

Мыйзамсыздыкка кабылган бизнесмендер Башкы прокуратурага жардам сурап кайрыла алышат

Мыйзамсыздыкка кабылган бизнесмендер Башкы прокуратурага жардам сурап кайрыла алышат. Кененирээк инвесторлорду колдоо жана ишкерлердин укуктарынын сакталышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башкы прокурору Авазбек Аликулов айтып берди. Ишкерлер мамлекеттик органдар тарабынан аларга болгон негизсиз текшерүүлөр маселеси боюнча жана башка түздөн-түз өздөрүнүн ишмердүүлүгүнө байланыштуу мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу… Кененирээк…

Кыргызстанда 344 миң жаран биометрикалык маалыматын тапшырган эмес

Кыргызстанда 344 миң жаран биометрикалык маалыматын тапшырган эмес. БШКнын маалыматына ылайык, 20-мартка чейин көчмө түйүндөр шаарларды жана аймактарды кыдырат. Ага каалоочулар өздөрүнүн биометрикалык маалыматын тапшырса болот. Ведомстводон белгилешкендей, индентификациядан өтпөгөн жарандар шайлоого катыша албайт. Эске салсак, жергиликтүү кеңештерди шайлоо 11-апрелде өтөт. Анын 420сы айылдык болсо,… Кененирээк…

Жогорку Кеңеш Конституция боюнча референдум жөнүндө мыйзамды экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеш Конституция боюнча референдум жөнүндө мыйзамды экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды.  Жыйынга катышкан 100 депутаттын 94ү макул деп, алтоо каршы деген добушун беришти.   Референдумду жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен кошо 11-апрелде өткөрүү сунушталган. Бул мыйзамга бүгүн кечке чейин президент кол коюшу керек.

Аида Төлөгөнова Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкаруучулугунун төрайымы болуп шайланды

Аида Төлөгөнова Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкаруучулугунун төрайымы болуп шайланды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.   Буга чейин Төлөгөнова Мамлекеттик салык кызматында, Коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттикте, ошондой эле жеке түзүмдөрдө бухгалтер болуп иштеп келген. Ал эми ипотекалык уюмду буга чейин башкарып келген Элмира… Кененирээк…

Казакстанда кыргызстандык эмгек мигранттары тууралуу маалыматтар электрондук эмгек биржасында жеткиликтүү болот

Казакстанда кыргызстандык эмгек мигранттары тууралуу маалыматтар электрондук эмгек биржасында жеткиликтүү болот. Бул тууралуу Казакстандын эмгек министринин биринчи орун басары Акмади Сарбасов билдирди.   Ал эскерткендей, кыргызстандыктар коңшу өлкөдө уруксат кагазы жок эле ишке орношо алат. Бул ЕАЭБ макулдашуусунда каралган. 2020-жылы Казакстанда иштеген Кыргызстан жарандарынын расмий… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 52 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 52 адам коронавирустан айыкты.   Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 19, Ошто 4, Чүйдө 9, Талас, Нарын, Баткенде экиден, Ысык-Көлдө 12, Жалал-Абадда 1 бейтап ооруканадан чыгарылды.   Ушуну менен өлкөдө жалпысынан 83 миң 718 адам коронавирусту жеңди.