“Ювентус” чабуулчусу Криштиану Роналду мадриттик “Реал” клубуна өтүшү ыктымал

“Ювентус” чабуулчусу Криштиану Роналду мадриттик “Реал” клубуна өтүшү ыктымал.

Прессага белгилүү болгондой, португалиялык оюнчунун агенти сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп,

Роналдуну келечекте аталган клубка кайтаруу маселесин талкуулады. Болжолдуу трансфердин

баасы азырынча айтыла элек. Буга чейин “Ювентус” Роналдудан анын жогорку өлчөмдөгү маянасы үчүн

баш тартаары белгилүү болгон. Бирок форвард жана клуб ортосундагы келишим

кийинки жылдын июль айында гана аягына чыгат.