Маршруттук такси айдоочуларына жол кыймылынын эрежелерин сактоо сунушталат

Маршруттук такси айдоочуларына жол кыймылынын эрежелерин сактоо сунушталат. Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, айдоочулар жүргүнчүлөрдү көбүнчө тиешелүү эмес жерден алып же түшүрөт. Мындай башаламандыктан жолдо авариялык абалдар жана тыгындар жаралат. Милициядан эскертишкендей, мындай эреже бузуу үчүн 1 миң сом айып салынат. Айдоочулар ошондой эле унаалардын техникалык… Кененирээк…

Нарын облусунда акимдер жана алардын орун басарлары аттестациядан өткөрүлө баштады

Нарын облусунда акимдер жана алардын орун басарлары аттестациядан өткөрүлө баштады. 24 агенттигине өкмөттүн аталган аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, аттестация эти этапта, тестирлөө жана маектешүү формасында өтөт. Иштерди мамлекеттик кадр кызматы жүргүзөт. Аттестациянын жыйынтыгы менен район акимдеринин жана орун басарларынын билими, иш тажрыйбасы аныкталат. Сынактан өтпөй калгандар… Кененирээк…

Былтыр жыл аягында кыргызстандыктардын ипотекалык карызы 17 миллиард сомдон ашып, тарыхый чекке жетти

Былтыр жыл аягында кыргызстандыктардын ипотекалык карызы 17 миллиард сомдон ашып, тарыхый чекке жетти. Улуттук банктан билдиришкендей, сумма өзүнө төлөнбөгөн карыздарды жана аларга кошулган үстөк пайызды камтыйт. Жарандар көбүнчө 3 жыл же андан көп мөөнөттөгү ипотекасына бересе, аларга 15 миллиард сом туура келет. Ал эми төлөө… Кененирээк…

Өкмөт азык-түлүктүн баасын арзандатуу чарасын көрө баштады

Өкмөт азык-түлүктүн баасын арзандатуу чарасын көрө баштады. Кумшекер жана өсүмдүк майынын наркын төмөндөтүү максатында ири суммада каражат бөлүндү. Эми алар чет өлкөлөрдөн сатып алынат, — деди премьер-министр Улукбек Марипов. Бирок сумманын так өлчөмү аталган жок. Ошондой эле аталган азыктарды өндүргөн дыйкандарга жардам берүү маселеси каралууда.… Кененирээк…

Бишкекте дагы бир жашыл аймак пайда болот

Бишкекте дагы бир жашыл аймак пайда болот. Ал 7-апрель көчөсүндө көпүрөнүн жанында орун алат. Бул тууралуу ордо калаа вице-мэри Жамалбек Ырсалиев билдирди.   Анын айтымында, аталган аймак буга чейин жеке компанияга унаа токтотуучу жай алдына берилген. Эми “Бишкек жашыл чарбанын” кызматкерлери аймакты жашылдандырып жатат.  … Кененирээк…

Жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоодо алгачкы ирет теледебаттар өтөт

Жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоодо алгачкы ирет теледебаттар өтөт. БШК эфир убактысын бөлүштүрүү үчүн чүчү кулак уштурат. Белгилеп кетсек, үгүт жүргүзүүнүн бул форматы талапкерлер тууралуу жакшы маалымат берүүгө шарт түзөт.   Дебаттын жүрүшүндө атаандаштарга бирин-бири каралоого тыюу салынат.   Белгилеп кетсек, көчөдө жана стадиондордо элди чогултуу… Кененирээк…

Калкты тейлөөчү борборлор 4 күн Бишкекти кыдырат

Борбор калаада калкты тейлөөчү мобилдик борборлор 16-19-март күндөрү  бишкектиктердин биометрикалык маалыматтарын топтоп, жашаган жери боюнча каттап, паспорт алмаштырууга документтерди кабыл алышат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты. Жарандарга аталган мобилдик борбордо кошо жүргөн БШК мүчөлөрү жергиликтүү кеңешке боло турчу шайлоо тууралуу да маалымат беришет. Калкты тейлөөчү… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 48 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 48 адам коронавирустан айыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 18, Ошто 8, Чүйдө 11, Нарында 4, Ысык-Көлдө 5, Жалал-Абадда 2 бейтап ооруканадан чыгарылды.   Ушуну менен өлкөдө жалпысынан 83 миң 766 адам коронавирусту жеңди.

Бишкек — Ош унаа жолундагы кырсыктан эки киши каза таап, бешөө жаракат алды

Бишкек — Ош унаа жолундагы жол кырсыгынан эки адам каза болуп, беш киши жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады. Окуя кечээ, 11-март күнү, Токтогул районунун аймагында болуп, Тоyota Windom жана Toyota Previa үлгүсүндөгү унаалардын кагышканы айтылат. Кырсыктын кесепетинен 73 жана 33 жаштагы эки эркек… Кененирээк…

Пакистанда TikTok тиркемесине тыюу салынды

Пакистанда TikTok тиркемесине тыюу салынды. Тиешелүү чечимди жергиликтүү сот чыгарды. Мындай арыз менен жергиликтүү тургун кайрылып, ал аталган социалдык тармактын контентине даттанган.   Эске салсак, өткөн жылы дагы Пакистанда Тиктокко тыюу салынып, бирок анда бөгөт чарасы 10 күнгө эле созулган.