Кыргызстандык спортчу кыздар Азия ачык кубогуна катышат.
Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей,
биздин өлкөдөн 48ден 78 килограммга чейинки салмактагы 8 спортчу барат.
Турнирде 8 өлкөдөн 200дөн ашык спортчу күч сынайт. Мелдеш 13-14-март күндөрү Казакстандын Актау шаарында өтөт