Евробирикме Кыргызстанга коронавирусту тестирлөөгө материалдарды тапшырды

Евробирикме Кыргызстанга коронавирусту тестирлөөгө материалдарды тапшырды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, гуманитардык жардамда  8 миң ПЦР тест жүргүзүүгө топтомдор каралган.   Жүктүн жалпы баасы 100 миң еврого барабар.

Улуттук банк март айындагы алгачкы интервенциясын өткөрдү

Улуттук банк март айындагы алгачкы интервенциясын өткөрдү. Кечээ өлкөнүн башкы каржы мекемеси эл аралык валюта рыногуна 30 миллион доллардан ашык сатты. Бул операция жыйынтыгын берди.   Америкалык валютаны сатып алуу  20 тыйынга арзандап 84 сом 50 тыйынга жетти. Кайра долларды ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары… Кененирээк…

Бүгүн шаардык кеңештерге шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды

Бүгүн шаардык кеңештерге шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды. Айылдык кеңештерде агитация кампаниясы 22-мартта башталат. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.   Талапкерлер өз аймактарында шайлоочулар менен жолугуп, интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу өзүнүн программасы менен тааныштыра алышат.   Үгүт өнөктүгү 9-апрелге чейин уланат. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо… Кененирээк…

Президенттин Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында   22 документке кол коюлду

Президенттин Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында   22 документке кол коюлду. Алардын арасында өкмөттөр аралык кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашуу, аткезчиликке каршы чогуу күрөшүү, суу-энергетика жаатында, коргоо, коргонуу жана башка тармактарда кызматташууну өнүктүрүү боюча макулдашуулар бар.   Саламаттыкты сактоо, билим берүү, спорт жана маданият жаатында, экологиялык… Кененирээк…

Бишкек жана Ош шаардык кеңештерине аттанган партиялар добуштардын 15 пайызын чогулта алса, күрөө акысы кайтарылат

Бишкек жана Ош шаардык кеңештерине аттанган партиялар добуштардын   15 пайызын чогулта алса, күрөө акысы кайтарылат. Бул тууралуу 24 агенттигине Бишкек шаардык шайлоо комиссиясынын башчысы Кайрат Маматов билдирди.   Анын айтымында, эгер саясий партия кеңешке өтүп, бирок 15 пайыз добуш топтой албаса, каражат кайра кайтарылбайт. Эске… Кененирээк…

Баткен облусунда аткезчилер атайын кызматтын өкүлдөрүнө каршылык көрсөттү

Баткен облусунда аткезчилер атайын кызматтын өкүлдөрүнө каршылык көрсөттү. Улуттук коопсуздук комитетинин маалыматына ылайык, окуя кечээ Самаркандек айылында катталды. 20дан ашык кыргызстандык курал колдонуу менен контрабандалык жүктү кармоого каршылык көрсөттү.   Жыйынтыгында комитеттин   2 кызматкери жабыркады, 6 жүк ташуучу унаадан экөөсү чек арадан өтүп кетүүгө үлгүрдү.… Кененирээк…

15-марттан тарта Түркияга кирүү эрежелери өзгөрөт

15-марттан тарта Түркияга кирүү эрежелери өзгөрөт. Туроператорлор ассоциациясынан билдиришкендей, эми аталган өлкөнүн аймагына кирген чет элдиктер атайын электрондук анкета толтурушу керек.   Ал Саламаттыкты сактоо министрлигинин сайтында жеткиликтүү. Анкетаны толтургандан кийин аны басып чыгарып, телефонго дагы сактап коюп, аэропорт кызматкерине көрсөтүү зарыл.