Россия Кыргызстанга күйүүчү май жагынан жардам берет

Россия Кыргызстанга күйүүчү май жагынан жардам берет.

Бул тууралуу Отун, өнөр жай боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Жардам өзүнө 50 миң тонна мунай, 460 миң тонна бензин, 485 миң тонна дизелдик күйүүчү май жана

100 миң тонна учактар үчүн атайын күйүүчү майды камтыйт. Жардам эки өлкө ортосунда түзүлгөн

келишимдин алкаганда берилет. Эксперттердин айтымында, күйүүчү майдын баасы 50 сомго чейин

жогорулашы мүмкүн. Учурда АИ 92 бензинин баасы 43 сом 20 тыйындан сатылып жатса,

дизелдик отун 40 сом 90 тыйынга барабар.