Бишкекте сейил бактарды калыбына келтирүү иштери уланууда

Бишкекте сейил бактарды калыбына келтирүү иштери уланууда. Мэриядан билдиришкендей, кеп, «Физкультурный» эс алуу аймагы тууралуу болуп жатат. Учурда аянтка таман таш төшөлүп, тротуардын жээк таштары орнотулууда, андан тышкары, отургуч жана таштанды челектери техникалык кароодон өткөрүлөт. Ошондой эле электр чубалгылары тартылды, жерден жанып турган чырактар үчүн… Кененирээк…

Бишкек-Минск-Бишкек түз аба каттамы ачылат

Бишкек-Минск-Бишкек түз аба каттамы ачылат. Аба жолдору кыргызстандык компания аркылуу уюштурулат. Күтүлгөндөй, 25-июндан тартып, жумасына эки ирет, шейшемби жана жума күндөрү учактар каттайт. Бул өз кезегинде Россиянын, Украинанын жана Батыш Европа өлкөлөрүнүн кыдырган жүргүнчүлөргө ыңгайлуу болот.

Доллардын арзандоо себеби айтылды

Доллардын арзандоо себеби айтылды. Улуттук банктын өкүлү Аида Карабаеванын айтымында, бул – америкалык валютага болгон талаптын төмөндөгөнүнө байланыштуу. Андан тышкары, сезондук фактор дагы таасирин тийгизип жатат. Алсак, жай мезгилинде туристтер көп келген учурда, чет элдик валюта көбүрөөк алынат. Андан тышкары, каражатын доллар менен сактагандар салык… Кененирээк…

Баткендеги чек ара жаңжалынан жабыркаган үй-бүлөлөрдүн балдары Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлөт

Баткендеги чек ара жаңжалынан жабыркаган үй-бүлөлөрдүн балдары Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлөт. Novosti.kgге өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, эртең, 27-майда 160 бала алынып келинет. Алар 7ден 15 жашка чейинкилер. Балдар учак менен Тамчы аба майданына келишет жана атайын лагерге жайгаштырылат.

Бишкектин айрым аймактарында жарык өчүрүлдү

Бишкектин айрым аймактарында жарык өчүрүлдү. “Түндүк электрдин” маалыматына ылайык, бүгүн кечки саат 6га чейин Ак-Таң, Кең-Көл, Камбар-Ата, Ганди, Баялинов, Рыскулов, Коенкөзов, Абдымомунов, Орозбеков, Васильев, Элебесов, Тоголок Молдо, Абаканск, Ала-Арча, Баетов, Архангельск көчөлөрүндө, «Киргизия-1», «Арча-Бешик» конуштарында жана “Орто-Сай” айылында электрэнергиясы жок болот. Өчүрүүлөр оңдоо иштерине байланыштуу.… Кененирээк…

Кыргызстандын аймактарына багыттоочу жол көрсөткүч белгиси орнотулду

Кыргызстандын аймактарына багыттоочу жол көрсөткүч белгиси орнотулду. Бул тууралуу Туризм департаментинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, иш-чара бүгүн, 25-майда өтүп, ага КР Экономика жана финансы министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Самат Шатманов жана Корея эл аралык кызматташтык агенттиги KOICA уюмунун туризм багытындагы долбоорлорду ишке… Кененирээк…