Доллардын арзандоо себеби айтылды

Доллардын арзандоо себеби айтылды.

Улуттук банктын өкүлү Аида Карабаеванын айтымында,

бул – америкалык валютага болгон талаптын төмөндөгөнүнө байланыштуу.

Андан тышкары, сезондук фактор дагы таасирин тийгизип жатат. Алсак, жай мезгилинде

туристтер көп келген учурда, чет элдик валюта көбүрөөк алынат. Андан тышкары,

каражатын доллар менен сактагандар салык төлөө үчүн аларды сомго алмаштырышууда.

Кошумчаласак, акыркы 10 күндө доллар курсу 1 сом 70 тыйынга арзандады.

Бүгүнкү күндө ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары жана коммерциялык

банктар долларды 83 сомдон сатып алып, кайра 83 сом 40 тыйындан сатышууда.