Кыргызстанда июнь адаттагыдан ысык болот.
Жайдын алгачкы айына карата божомолду Кыргызгидромет түздү.
Өлкөнүн бардык аймактарында Ысык-Көл жана Нарынды эске албаганда абанын
температурасы климаттык нормадан бир градуска жогору болот. Ал эми жаан-чачын
норманын тегерегинде болсо, бир гана Ошто нормадан ашат. Эске салсак,
көп жылдык байкоолор боюнча июндун эң ысык күнү 2005-жылы катталган.
Анда 23үндө термометр мамычалары 40,9 көрсөткүчүнө жеткен.
Ал эми тескерисинче, эң төмөн температура 1943-жылы 10-июнда +3,9 градус болгон.