Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде куралды этиятсыз колдонуудан улам бир чек арачы каза болуп, экинчиси жаракат алды

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде куралды этиятсыз колдонуудан улам бир

чек арачы каза болуп, экинчиси жаракат алды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын

коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирди.

Алдын ала алынган маалымат боюнча Баткен облусунун Баткен районунун

Паскы-Арык айылында кызмат өтөө учурунда куралды этиятсыз колдонуунун жыйынтыгында

КР УКМК ЧК бир аскер кызматчысы ордунда каза болуп, экинчиси жаракат алган.

Окуя тууралуу тиешелүү органдар кабардар болушкан.

Кырсык болгон жерде Баткен чек ара отрядынын колбашчылыгы бул факты боюнча териштирүү жүргүзүүдө.