Баткен облусунда курулуштун жана объектилерди оңдоп-түзөөнүн жүрүшүн көзөмөлдөө үчүн видеокамералар орнотулат.
Министрлер кабинетинен билдиришкендей, учурда иштер социалдык жана турак жай объектилеринде, андан тышкары
Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык, Ак-Сай – Рават, Кулунду – Максат – Арка жана Самаркандек – Даркум – Мадиген
жолдорунда жүрүп жатат. Салынып жаткан тилкенин жалпы узундугу 124 чакырымды түзөт. Баткен облусундагы
объектилерди калыбына келтирүүгө мамлекеттик бюджеттен 700 миллион сом бөлүндү.