Кыргызстандык балбан кыздар эл аралык белдеште 4 медель жеңишти
Кыргызстандык балбан кыздар эл аралык белдеште 4 медель жеңишти. Күрөш федерациясынан билдиришкендей, Калмира Билимбекова жана Сезим Жуманазарова күмүш медаль тагынды. Ал эми Айжан Сабырбек кызы жана Бермет Нуридин кызы үчүнчү орунду ээлешти. Турнир Түркиянын Стамбул шаарында 28-30-май аралыгында өттү.