Кыргызстанда 2020/21-окуу жылынын жыйынтыгы менен алтын сертификат алгандар белгилүү болду

Кыргызстанда 2020/21-окуу жылынын жыйынтыгы менен алтын сертификат алгандар белгилүү болду. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, биринчи орунду 232 балл менен Каракол шаарынын окуучусу Жайдар Нургазиев алды. Экинчи орунда 231 балл менен бишкектик Алия Сарыгулова, үчүнчү орунга 230 баллга Талас облусунан Сымбат Касымбекова татыды. Жалпысынан республика… Кененирээк…

Баткен районунун Дөбө айылында жаңы бала бакча ачылды

Баткен районунун Дөбө айылында жаңы бала бакча ачылды. Райондук администрациядан билдиришкендей, мектепке чейинки даярдоо мекемеси 34 орундуу жана анда бардык шарттар түзүлдү. Курулуш иштери жана чыгымдар толук жеке ишкана тарабынан каржыланды. Белгилеп кетсек, Баткен районунда 44 бала бакча бар. Аларда 4 миңге жакын бала тарбияланат.

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда логистикалык борбор пайда болот

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда логистикалык борбор пайда болот. Өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, объекти Өзбекстан менен чектешкен Баястан айылында курула баштады. Анда айыл-чарба продукциясы сакталат жана экспорттолот. Муну менен жаңы 2 миң жумуш орду түзүлөт. «Бай-Талаа» долбоору Жалал-Абад жана Өзбекстандын Наманган облустары аркылуу ишке ашат. Борбордун… Кененирээк…

Кыргызстанда курулуш материалдары 10,5 пайызга кымбаттады

Кыргызстанда курулуш материалдары 10,5 пайызга кымбаттады. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, былтыркы жылдын май айына салыштырмалуу кирпич — 17, жыгач материалдар — 15,5 шифер – 15 жана цемент — 10,5 пайызга наркын жогорулатты. Анын ортосунда барынан кымбат кирпич Нарын жана Талас облустарында – 1 миң… Кененирээк…