Кыргызстанда курулуш материалдары 10,5 пайызга кымбаттады.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык,
былтыркы жылдын май айына салыштырмалуу кирпич — 17,
жыгач материалдар — 15,5 шифер – 15 жана цемент — 10,5 пайызга
наркын жогорулатты. Анын ортосунда барынан кымбат кирпич
Нарын жана Талас облустарында – 1 миң даанасы үчүн
10 миң сом төлөш керек. Ал эми жыгач материалдары Баткен жана
Жалал-Абад облустарында олуттуу кымбаттады – кубметри
19 миң 313 сомго бааланат.