Кыргызстанда 2020/21-окуу жылынын жыйынтыгы менен алтын сертификат алгандар белгилүү болду.
Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, биринчи орунду 232 балл менен
Каракол шаарынын окуучусу Жайдар Нургазиев алды. Экинчи орунда 231 балл менен
бишкектик Алия Сарыгулова, үчүнчү орунга 230 баллга Талас облусунан
Сымбат Касымбекова татыды. Жалпысынан республика боюнча
58 окуучу жогорку баллга ээ болду.