Бишкекте жакынкы күндөрү аварияларды алдын алуу боюнча рейддер өткөрүлөт

Бишкекте жакынкы күндөрү аварияларды алдын алуу боюнча рейддер өткөрүлөт.

 

Кайгуул милиция кызматынын маалыматына ылайык, текшерүүлөрдүн алкагында мас абалында унаа башкарган айдоочулар жана жол эрежелерине баш ийбегендер аныкталат.

 

Башкармалыктан белгилешкендей, жыл башынан бери  1 миңден ашык жол кырсыгы катталды.

 

Алардын басымдуусу айдоочу маданиятынын жоктугунан жана жол эрежелер сакталбагандыктан келип чыккан.