Эпидемиологиялык кырдаал курчуп кетсе жергиликтүү кеңештерди шайлоо жылдырылат

Эпидемиологиялык кырдаал курчуп кетсе жергиликтүү кеңештерди шайлоо жылдырылат. Бул тууралуу Мир БШКга таянып билдирди. Вируска кабылгандар көбөйүп жатат, эксперттер оорунун туу чокусу июлдун башында болот деп болдошууда. Анын ортосунда бийлик бардык күчтү калктын саламаттыгын сактоого жумшайт. Эске салсак, кайра өтө турган Бишкек, Ош жана Токмок… Кененирээк…

Кытайлык «Синофарм» вакцинасы Кыргызстанга ушул жуманын аягында келиши ыктымал

Кытайлык «Синофарм» вакцинасы Кыргызстанга ушул жуманын аягында келиши ыктымал. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди. Анын айтымында, вакцинаны өлкөгө жеткирүүгө эл аралык уюмдардын бири жардам берет. Чектелген аба каттамдардан улам, вакцина Түркия аркылуу чартердик рейс менен жеткирилет. Эске салсак, Кытай “Синофарм” препаратынын… Кененирээк…

Кайра өтө турган Бишкек, Ош жана Токмок аймактык шайлоо комиссияларына добуш берүүчүлөрдүн бюллетендери 3-июлга чейин жөнөтүлөт

Кайра өтө турган Бишкек, Ош жана Токмок аймактык шайлоо комиссияларына добуш берүүчүлөрдүн бюллетендери 3-июлга чейин жөнөтүлөт. БШКнын мааалыматына ылайык, текст 28-июнга чейин бекитилет жана 9-июлга чейин бюллетендер участкаларга жеткирилет. БШКдан эскертишкендей, партия жарышка катышуудан же каттоодон тизме даярдалганга чейин баш тартса, күрөө акысы кайтарылбайт. Белгилеп… Кененирээк…

Россиядан Түркияга аба жолдору ачылды

Россиядан Түркияга аба жолдору ачылды. Эми Россиялык туристтер Түркияга барып эс алса болот. Москвадан Анталияга алгачкы каттам менен 12 миң жаран учуп келди. Эске салсак, Россия 12-апрелде COVIDге байланыштуу Түркияга туруктуу жана чартердик учууларды токтоткон. Анын ортосунда учурда Түркияда кырдаал турукташууда, анын 1 миллион калкы вакцина алды.… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунда бир катар объектилер жабылып, чектөөлөр киргизилди

Жалал-Абад облусунда бир катар объектилер жабылып, чектөөлөр киргизилди. Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу аймактык штабдын чечими менен облустук төрөт үйү, Сузак районундагы бала бакчалар жабылды. Андан тышкары, 1-июлдан тартып Жалал-Абад шаарындагы тойканалар ишин токтотот, той-аш, майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат. Базарлар жумасына бир ирет жабылып дезинфекцияланат.

Кыргызстандан Түркиянын Анталия шаарына аба каттамдардын саны көбөйдү

«Манас» эл аралык аэропортунан Түркиянын Анталия шаарына аба каттамдардын саны көбөйүп, учурда төрт авиакомпания жүргүнчү ташууда. Бул тууралуу аталган аба майдандын маалымат кызматынан кабарлашты. Аба каттамдардын тизмеси: «Pegasus Airlines» авиакомпаниясы: Анталия — Бишкек — Анталия — жумасына 4 жолу (дш.,шр.,бш.,иш.) «Free Bird Airlines» авиакомпаниясы: Анталия… Кененирээк…

Жол чарба департаментине жаңы директор дайындалды

Камилжан Абдыкалыков Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду. Буга чейин бул кызматты Шабданбек Иманкулов ээлеп келген. Бирок УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Иманкулов боюнча мыйзамсыз баюу… Кененирээк…

Кыргызстанда кыска мөөнөттөгү бала бакчалар ачыла баштады

Кыргызстанда кыска мөөнөттөгү бала бакчалар ачыла баштады. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, артыкчылык алыскы, тоолуу жана чек аралаш аймактарга берилет. Мындай мекемелер алгач Баткенде пайда болот. Анда балдар 3 саат болот жана аларга окутуу, тарбия берүү кызматтары көрсөтүлөт. Тамак берүү, уктоо каралбайт. Ар бир бакчада гигиеналык… Кененирээк…

Өкмөт кумшекер жана өсүмдүк майын сатып алууга 318 миллион сом бөлдү

Өкмөт кумшекер жана өсүмдүк майын сатып алууга 318 миллион сом бөлдү. Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда акыркы күндөрү азык-түлүк кескин кымбаттап жатат. Былтыр декабрга салыштырмалуу өлкөдө тамак-аш менен алкоголсуз суусундуктардын баасы дээрлик 7 пайызга өстү. Картошка 34, кумшекерд 20,5, өсүмдүк майы 19, кой эти 14,… Кененирээк…