Мамлекет тарабынан кепилденген бардык социалдык төлөмдөр өз убагында жана толук кандуу жүргүзүлөт

Мамлекет тарабынан кепилденген бардык социалдык төлөмдөр өз убагында жана толук кандуу жүргүзүлөт. Буга министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов ишендирди.

 

Анын айтымында, быйыл көптөгөн пландагы жок чыгашалар болду, алар бюджетке кошумча жүк арттырды. Андыктан, профилдик мамлекеттик органдардын жетекчилиги мыйзам чегинде каралган иш-чараларды аткарышы керек.

 

Анын ичинде бизнести көмүскөдөн чыгаруу, кичи жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү зарыл, — деди Марипов.