Баткен облусунда кыска мөөнөттүү бала бакчалар ачылышы мүмкүн

Баткен облусунда кыска мөөнөттүү бала бакчалар ачылышы мүмкүн.   Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, аймактан 27 арыз келип түштү. Артыкчылык алыскы жана чек арага жакын жайгашкан райондорго берилет.   Тизме такталгандан кийин курулуш жана оңдоо иштери башталат. Ведомстводон белгилешкендей, бала бакчалардагы программа балдарды окутууга жана… Кененирээк…

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын аймактык шайлоо комиссияларына бюллетендер 3-июлга чейин тапшырылат

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын аймактык шайлоо комиссияларына бюллетендер 3-июлга чейин тапшырылат. БШКнын маалыматына ылайык, текст                28-июнга чейин бекитилет.   Ал эми тилкелерге бюллетендер 9-июлга чейин жеткирилиши шарт. БШКдан эскертишкендей, эгер партиялар бюллетендердин тексти бекитилгенден кийин саясий жарыштан чыкса, анда күрөө акысы кайтарылбайт.   Эске… Кененирээк…

Жакынкы күндөрү жол кырсыктарынын алдын алуу максатында рейд иш-чара өткөрүлөт

Милициянын кайгуул кызматы жакынкы күндөрү жол кырсыктарынын алдын алуу максатында рейдтик иш-чара өткөрөөрүн эскертет. Жыл башынан бери Бишкек шаарынын аймагында 1071 жол кырсыгы катталып, 1370 жаран ар кайсы жаракаттарды алышкан. Бул көрсөткүч өткөн жылдын 5 айына салыштырмалуу жол транспорт кырсыгы 298ге көп катталып, ал эми… Кененирээк…

Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына катышууга Кыргызстандан 15 спортчуда жолдомо бар

Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына катышууга Кыргызстандан 15 спортчуда жолдомо бар. Буга чейин биздин 14 спортчуда сертификат бар болчу. Эми өлкөнүн дзюдо боюнча курама командасынын мүчөсү Владимир Золоев дагы жолдомого ээ болду. Ал Азия континентине берилген квота боюнча алды. Золоев 81 килограмм салмакка чейинки категорияда… Кененирээк…

Ден-соолукту бекем кармоо үчүн күнүнө канча басыш керектиги айтылды

Ден-соолукту бекем кармоо үчүн күнүнө канча басыш керектиги айтылды. Диетолог жана эндокринолог Альбина Комиссарованын айтымында, күнүнө эң аз дегенде 4 миң кадам басуу керек. Муну менен жүрөк оорусун алдын алып, өмүрдү узартууга шарт түзсө болот. Ошондой эле күнүнө сөзсүз 10 миң кадам басуу зарыл эмес.… Кененирээк…

Улуттук банк кийинки жылы 8 миң коллекциялык монета чыгарууну пландап жатат

Улуттук банк кийинки жылы 8 миң коллекциялык монета чыгарууну пландап жатат. «тушоо кесүү» аталышында 6 миң монета жарык көрөт. Анын ичинен 1 миңи күмүш, калганы жез-никелден куюлат. Ал эми «Кыргызстандын Кызыл китеби» сериясында 1 миңден дагы эки аталыштагы монеталар чыгат. 925 үлгүсүндөгү күмүш монеталар 10… Кененирээк…

Бишкекте жолду тиешелүү тилкесинен өтпөгөн жарандарга айып салынат

Бишкекте жолду тиешелүү тилкесинен өтпөгөн жарандарга айып салынат. Ордо калаа милициясынан эскертишкендей, унаа жолдон туура эмес кесип өткөндөр 1 миң сомдук айып төлөөгө милдеттендирилет. Ошондой эле коомдук унаадан бир гана аялдамадан түшүп, кирүү керек. Мындай айыптар жөө жүргөндөргө, вело жүрүүчүлөргө жана мал айдагандарга тиешелүү.

Чет элдик компаниялар Кыргызстанда дароо бир катар күн электр станцияларын курууну пландап жатат

Чет элдик компаниялар Кыргызстанда дароо бир катар күн электр станцияларын курууну пландап жатат. Бул тууралуу Энергетика министринин орун басары Таалайбек Ибраев билдирди. Ведомство Германиялык компания менен Токмокто кубаттуулугу 125 мегаватт болгон күн көмөк чордонун куруу боюнча меморандумга кол койду. Алынган энергиянын бир бөлүгүн технопарк иштетет,… Кененирээк…

Чүй дарыясынын жээгин бекемдөө иштери өз убагында аткарылбагандыктан Кыргызстан 800 гектар жеринен айрылды

Чүй дарыясынын жээгин бекемдөө иштери өз убагында аткарылбагандыктан Кыргызстан 800 гектар жеринен айрылды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан менен Казакстандын чек арасын аныктап турган Чүй дарыясынын жээгинде дамбалардын жоктугунан, дарыянын жээгин суу жеп, анын нугу жыл санап Кыргызстандын аймагына… Кененирээк…

Хорватия курамасы шотландиялыктарды утуп, Европа чемпионатынын плей-офф баскычына чыкты

Хорватия курамасы шотландиялыктарды утуп, Европа чемпионатынын плей-офф баскычына чыкты. Кечээ өткөн беттеш 3:1 эсебинде жыйынтыкталды. Башка мелдеште Англия командасы Чехия курамасын 1:0 менен жеңди. Аталган эки команда плей-оффго чыга алышат. Европа чемпионатынын топтук этабы бүгүн Петербург, Севилья, Мюнхен жана Будапештте төрт беттеш менен жыйынтыкталат. Словакия… Кененирээк…