Кыргызстанда бензиндин баасы кескин көтөрүлдү

Кыргызстанда бензиндин баасы кескин көтөрүлдү. Бишкекте соңку сутка ичинде күйүүчү майдын наркы 1-2 сомго кымбаттады.   Бул тууралуу айдоочулар айтышууда. Белгилеп кетсек, учурда 92-үлгүдөгү бензин 55 сом 30 тыйындан, ал эми 95-үлгүдөгү бензиндин литри 57 сом 70 тыйындан сатылууда.   Дизелдик отундун наркы өзгөргөн жок.… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 1 миң 213 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 1 миң 213 адам коронавирустан айыкты.   Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 813, Ошто 109, Талас, Нарында 5тен, Чүйдө 122, Ысык-Көлдө 8, Жалал-Абадда 63, Баткенде 88 бейтап ооруканадан чыгарылды.   Ушуну менен жалпысынан өлкөдө 128 миң 905 адам коронавирусту жеңди.

Дүйнөдөгү эң бай адам, америкалык миллиардер Жефф Безос космосту багындырды

Дүйнөдөгү эң бай адам, америкалык миллиардер Жефф Безос космосту багындырды.   Ал иниси Марк Безос, 82 жаштагы америкалык алгачкы аял авиаторлордун бири Уолли Фанк жана 18 жаштагы Оливер Деймен менен космоско учту.   Экипаждын жалпы сапары 10 мүнөт 20 секундага созулду. Жүргүнчүлөр  3-4 мүнөттөй космостук… Кененирээк…

Бишкек шайлоо комиссиясы кайра шйлоонун жыйынтыгын бекитти

Бишкек шайлоо комиссиясы кайра шйлоонун жыйынтыгын бекитти.   Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Комиссия добуш берүүгө болгону 104 миң жаран катышканына карабай, шайлоону өттү деп тапты.   Шайлоого аттанган 18 партиянын алтоосу гана 7 пайыздык босогону топтой алды. Алар 45 депутаттык мандатты өз ара бөлүшөт: “Эмгек”… Кененирээк…

Ысык-Көл жээгиндеги ири 3 пансионаттын базасында коронавирустан эмдөө түйүндөрү ачылды

Ысык-Көл жээгиндеги ири 3 пансионаттын базасында коронавирустан эмдөө түйүндөрү ачылды.   Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, вакцинаны жергиликтүү тургундар дагы, көл жээгиндеги эс алуучулар дагы ала алат.   Эмдөө пансионаттардын процедуралык кабинеттеринде бардык санитардык эрежелерди сактоо менен өтүүдө, — дешти ведомстводон. Эске салсак, 11-июлда Кыргызстанга… Кененирээк…

Олимпиада оюндарынын урааны 127 жылдан бери алгачкы ирет өзгөртүлдү

Олимпиада оюндарынын урааны 127 жылдан бери алгачкы ирет өзгөртүлдү. Жаңы ураан “Тезирээк, бийигирээк, күчтүүрөөк – бирге” деп аталат. Бул өзгөртүүнү Эл аралык олимпиада комитетинин президенти Томас Бах демилгелеп, Токиодогу сессияда колдоо тапты.   Бахтын айтымында, “бирге” деген сөз дүйнө жүзүндө тилектештиктин зарылдыгын билдирет.   Жайкы… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгүндө газ өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө газ өчүрүлөт. “Газпром Кыргызстан” компаниясынын маалыматына ылайык, көгүлтүр от бүгүнтөн тарта 23-июлга чейин Ахунбаев, Шакиров, Ипподром, Лев Толстой, Термечиков, Садырбаев көчөлөрүндө жана Тынчтык проспектисинде жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Быйыл ажылыкка жана умрага барууга расмий түрдө тыюу салынды

Быйыл ажылыкка жана умрага барууга расмий түрдө тыюу салынды.   Бул тууралуу Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, пандемияга байланыштуу чет элдиктер ыйык жерлерге быйыл дагы киргизилбейт.   Сауд Арабиянын жарандары гана зыярат кыла алат. Бирок аларга дагы 60 миң кишиге гана уруксат берилет, —… Кененирээк…

Бишкекте 29 көчө калыбына келтирилип жатат

Бишкекте 29 көчө калыбына келтирилип жатат.   Бул тууралуу ордо калаа мэриясынан билдиришти. Жакынкы арада дагы 8 көчө оңдоо иштерине жабылат. Белгилеп кетсек, жазында Бишкектин 34 көчөсү ремонтко жабылган болчу.   Кайра калыбына келтирүү иштери “Жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун алкагында, кытайлык гранттын эсебинен жасалууда.

Кыргызстанда электр энергиясы күзгө чейин өчүрүлүп турат

Кыргызстанда электр энергиясы күзгө чейин өчүрүлүп турат. Бул тууралуу Улуттук энерго холдингдин башчысы Замирбек Ходжамамбетов билдирди. Ал белгилегендей, октябрга дейре күзг-кышкы сезонго даярдык көрүүнүн алкагында пландык өчүрүүлөр болуп турат.   Учурга карата иштердин 90 пайызы аткарылды. Алар толугу менен күзүндө аягына чыгат.   Белгилеп кетсек,… Кененирээк…