Бишкек шайлоо комиссиясы кайра шйлоонун жыйынтыгын бекитти.
Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Комиссия добуш берүүгө болгону 104 миң жаран катышканына карабай, шайлоону өттү деп тапты.
Шайлоого аттанган 18 партиянын алтоосу гана 7 пайыздык босогону топтой алды. Алар 45 депутаттык мандатты өз ара бөлүшөт: “Эмгек” партиясы шаар парламентине 11 орун алса, “Ата-Журт Кыргызстан” – 9, “Ишеним” – 8, “Ынтымак” – 7, “Өнүгүү-Прогресс” – 5 жана “Социал-демократтар” – 5 орунга ээ болду.