Кытайда эми үчүнчү наристелүү болгондор айыпка тартылбайт

Кытай бийлиги үй-бүлөдө төрөлгөн үчүнчү бала үчүн салынган айып пул жана дагы башка санкцияларды жойду. Бул тууралуу Известия басылмасы Xinhua агенттигине таянып кабарлады.   «Социалдык камсыздоо үчүн төлөмдөрдү жана башка чектөөлөрдү алып салуу чечими кабыл алынды. Социалдык камсыздоо боюнча төгүлүүчү төлөмдү кайра карап чыккандан кийин ал жоюлду… Кененирээк…

«Токтогул» толо баштады

«Токтогул» суу сактагычындагы суунун көлөмү бул күндөрү 11,5 миллиард кубометрден ашкандыгын «Электр станциялары» компаниясынын маалыматында айтылган. Көрсөтүлгөн көлөм жекшемби, 18-июлда, белгиленип, ал эми суу акырындык менен көбөйүп жатканы маалым болду. Бүгүн, 20-июлга карата суу топтолгон бул ири жайда 11 миллиард 570,5 миллион кубометр турганы айтылды.… Кененирээк…

Дүйнөдө вирустун «дельта» түрү тез жайылууда

Дүйнөдө коронавирустун «дельта» түрүнүн жайылышы тынчсыздануу жаратууда. Бир нече ай мурда АКШда вирус жугузгандар азайган, бирок июлдун башынан бери ал эки эсеге көбөйдү. Мындан улам өлкө жетекчилиги коронавируска каршы вакцина албагандарды эмдөөдөн өтүүгө чакырды. Жо Байден вакцинаны алгандардын саны аз болгон штаттарда вирусту жугузгандар көп… Кененирээк…

Кара-Дарыяда алты жаштагы кызды сел агызып кетти

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда алты жаштагы кызды 20-июлда сел агызып кетти. Анын сөөгү түн жарымда табылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын жетекчиси Абдулнасир Закиров билдирди.   20-июлда кечке жуук Кара-Дарыя айыл аймагында жаап өткөн жамгырдан кийин кокту-колоттон сел келген. Социалдык желеге Кара-Дарыянын суусу ташкындап,… Кененирээк…

Бишкеткин бир бөлүгүндө электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкеткин бир бөлүгүндө электр энергиясы өчүрүлөт. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин жарык Байтик Баатыр, Лев Толстой, Шевченко, Токтоналиев, Сүйүмбаев көчөлөрүндө, Төкөлдөш, Арча-Бешик, Ак-Өргө конуштарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Бишкекте оңдоо иштеринен кийин 2 көчө кыймылга ачылды

Бишкекте оңдоо иштеринен кийин 2 көчө кыймылга ачылды. Бул тууралуу ордо калаа мэриясы маалымдайт.   Андан такташкандай, Койбагаров көчөсүнүн  1 чакырыммдан ашык Жукеев-Пудовкин – Каралаев тилкеси толугу менен калыбына келтирилди.   Тротуарлар жаңыртылып, жолдун кеңдиги 9 метрге жетти. Андан тышкары, Фере көчөсү эми кыймылга ачылды.… Кененирээк…

Лейлек районунда нөшөрлөгөн жаан сел жүрүүгө алып келди

Лейлек районунда нөшөрлөгөн жаан сел жүрүүгө алып келди.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, суу менен ылай аралаш масса 16 жаштагы өспүрүмдү агызып кетти.   Анын жансыз денесин жергиликтүү тургундар тапты. Андан тышкары, Козу-Баглан, Катран, Лейлек, Тогуз-Булак, Айкөл, Ак-Терек, Гөлбө, Чымген айылдарында турак-жайларды суу каптады.… Кененирээк…

Токио олимпиада оюндарынын көбү көрүүчүсү жок өтөт

Токио олимпиада оюндарынын көбү көрүүчүсү жок өтөт.   Коронавирус пандемиясынан улам бир жыл кеч өткөрүлүп жаткан Токио-2020 жайкы Олимпиадасы катуу тартипте өтөт.   Спортчулар өз өлкөсүнөн чыгардан 96 саат мурун 2 жолу, аэропортко кирүү алдында, ошондой эле Японияда жүргөн ар бир күнү коронавируска каршы тест… Кененирээк…

Индиянын 42 жаштагы жашоочусу бир жылда 300 күнүн уктоо менен өткөрөт

Индиянын 42 жаштагы жашоочусу бир жылда 300 күнүн уктоо менен өткөрөт. Бирок бул анын уйкуну жакшы көргөнү үчүн эмес, гиперсомния диагнозуна байланыштуу.   Пуркхарам уктаганда аны ойготуу оор, ал 20-25 күн бою катары менен уктай берет. Ал уктап жатканда аялы жана апасы аны убактылуу ойготуп,… Кененирээк…