Нарын жашоочулары куруучулардын начар ишинен улам таза суусуз калды

Нарын жашоочулары куруучулардын начар ишинен улам таза суусуз калды. Бул жылы муниципалитет таза суу тармактары системасын калыбына келтирүү үчүн долбоорду ишке ашырды. Шералиев, Москва көчөлөрүндө “Кирпич” аймагында суу түтүктөрү алмаштырылып, Чоң-Алыш көчөсүнө тармактар өткөрүлдү. Сыноо убагында жаңы түтүктөр суунун күчүн көтөрө албай 32 жерден авариялык… Кененирээк…

Бүгүн таңда катталган катуу шамалдын ордун нымдуу аба-ырайы басат

Бүгүн таңда катталган катуу шамалдын ордун нымдуу аба-ырайы басат. Синоптиктердин маалыматы боюнча, шамалдын ылдамдыгы жайлап, түшкө жакын жамгыр жаайт. Бирок ал көпкө узабайт. Бирок күн аягына чейин асман бүркөк болот. Бүгүн абанын температурасы +27ге чейин жогорулайт. Дем алыш күндөрү кайрадан күн ачылат, абанын табы +33гө… Кененирээк…

Google корпорациясынын дүйнө боюнча кеңселерине вакцина албаган кызматкерлери киргизилбейт

Google корпорациясынын дүйнө боюнча кеңселерине вакцина албаган кызматкерлери киргизилбейт. Бул тууралуу мекеменин башкы директору Сундар Пичаи өзүнүн блогу аркылуу билдирди. Ошол эле учурда көрүлгөн чаранын так мөөнөтү белгиленген жок, ар бир өлкөнүн вакцинага жеткиликтүүлүгүнө жараша өзүнчө талаптар коюлат. Текшерүүлөрдү жакынкы жумаларда АКШдагы кеңселерден баштоо пландалууда.

Бишкекте саат 10дон кечки 8ге чейин оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизилди

Бишкекте саат 10дон кечки 8ге чейин оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизилди. Тыюу салуулар 1-сентябрга чейин абанын температурасы +28ден жогору болгон күндөрү күчүндө болот. Чектөөлөр 18 тоннага чейинки чоң жүк ташуучу жана иригабариттүү транспорт каражаттарына тиешелүү. Мындай чаралар ордо калаадагы жолдордун ишке жарамдуулугунун сактоо… Кененирээк…

Жергиликтүү бийликтин чара көрбөй жатканына Беш-Күнгөй айылынын жашоочулары даттанышууда

Жергиликтүү бийликтин чара көрбөй жатканына Беш-Күнгөй айылынын жашоочулары даттанышууда. Бир жумадан көп убакыттан бери Проектируемая көчөсүнүн 15 үйү таза суусуз күн кечирүүдө. Алардын айтымында, туругундардын мындай абалга кабылышына Таш-Мойнок айылдык кеңешинин депутаты Адилет Асаналиев күнөөлүү. Анын буйругу менен 22-июлда суу дарбазасынын жанындагы түтүктүн бир бөлүгү… Кененирээк…

Нью-Йорк бийлиги ковидге каршы вакцина алгандардын ар бирине 100 доллардан төлөп баштайт

Нью-Йорк бийлиги ковидге каршы вакцина алгандардын ар бирине 100 доллардан төлөп баштайт. Бул тууралуу калаа мэриясы твиттердеги жеке баракчасына жарыялады. Төлөмдөр вакцинанын биринчи дозасын алаар замат берилет. Бирок, бул акча кадимки тартипте берилеби же тиешелүү дүкөндөргө гана бериле турган ваучерби белгисиз. Буга чейин Нью-Йоркто муниципалдык… Кененирээк…

Чүй облустук бириктирилген ооруканасы капиталдык оңдоодон өтөт

Чүй облустук бириктирилген ооруканасы капиталдык оңдоодон өтөт. Мамлекеттик сатып алуулар порталында жазылгандай, медициналык мекеменин 3 кабаттуу корпусу ремонттолот. Объектинин ички жасалгасы жаңыланып, терезелери алмаштырылат. Ошондой эле электр тармактары жана сантехникасы жасалат. Иштерге 10 миллион сом багыттоо пландалууда.

Вакцина алганга чейин антителого тест тапшыруу зарыл эмес

Вакцина алганга чейин антителого тест тапшыруу зарыл эмес. Бул тууралуу вирустук ооруларды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-изилдөө практикалык борборунун жетекчиси Зуридин Нурматов билдирди. Анын айтымында, бул убакытты жана акчаны текке кетирүү. Антитело жок болсо вакцина алардын иштелип чыгышына шарт түзөт, а эгер бар болсо анда көбөйөт.… Кененирээк…

Жогорку Кеңеш депутаттары каникулга тарады

Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйындарын аяктап, каникулга тарады. Эс алуу 1-сенБелгилей кетсек, регламент боюнча парламентарийлер июнь айынын аягында каникулга тараган. Бирок төрага Талант Мамытов Кыргызстандагы пандемияга байланыштуу оор кырдаалды эске алып, эмгек өргүүгө чыкпастан, колдонуудагы мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү максатында жаңы мыйзамдарды кабыл алуу зарыл экенин белгилеп, бир… Кененирээк…