Жогорку Кеңеш депутаттары каникулга тарады

Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйындарын аяктап, каникулга тарады.

Эс алуу 1-сенБелгилей кетсек, регламент боюнча парламентарийлер июнь айынын аягында каникулга тараган. Бирок төрага Талант Мамытов Кыргызстандагы пандемияга байланыштуу оор кырдаалды эске алып, эмгек өргүүгө чыкпастан, колдонуудагы мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү максатында жаңы мыйзамдарды кабыл алуу зарыл экенин белгилеп, бир айлык мөөнөткө кезексиз жыйынга чакырган.