Бишкектин айрым аймактарында 9 күнгө газ өчүрүлөт.
«Газпром Кыргызстан» ишканасынан билдиришкендей, 16-августтан
27сине чейин Курманжан Датка, Калинин көчөлөрүндө, Чүй проспектинде,
БЧК менен кесилишкен аймактарда Чыгыш-5 кичи районунда, Бакай-Ата
жаңы конушунун күн батыш тарабында, ЖЭБ аймагында жана
Лебединовка айылында көгүлтүр от жок болот. Убактылуу чектөөлөр
оңдоо жана профилактикалык иштерге байланыштуу.