Казакстанда октябрдан баштап 12 жаштан жогорку балдар жана кош бойлуу аялдар коронавируска каршы эмделе баштайт

Казакстанда октябрдан баштап 12 жаштан жогорку балдар жана кош бойлуу

аялдар коронавируска каршы эмделе баштайт. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттыкты

сактоо министри Алексей Цой билдирди. Бул үчүн америкалык Pfizer вакцинасы колдонулат.

Ал эми өспүрүмдөрдү эмдөө үчүн ата-энесинин уруксаты алынат. Эске салсак, коңшу өлкөдө

россиялык «Спутник V» вакцинасын 12-17 жаш аралыгындагы өспүрүмдөргө

пайдалануу боюнча клиникалык изилдөө башталган.