Бишкекте жаңы окуу жылына карата 30 мектеп оңдоп-түзөлөт

Бишкекте жаңы окуу жылына карата 30 мектеп оңдоп-түзөлөт. Мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришкендей, бүгүнкү күндө 15 билим берүү мекемеси пайдаланууга берилди. Титулдук тизмеге ылайык, быйыл 55 обънектини оңдоо пландалган. Учурда калгандарында жумуштар уланууда. Аларда негизинен ашкана, чатыр, электр жана жылуулук тармактары жаңыртылып, ички тышкы жасалгалоо… Кененирээк…

Баткенде чыр чатактан жабыркаган жарандарга салынып жаткан үйлөр 1-октябрда пайдаланууга берилет

Баткенде чыр чатактан жабыркаган жарандарга салынып жаткан үйлөр 1-октябрда пайдаланууга берилет. Бул тууралуу мамлекеттик курулуш агенттигинин директорунун орун басары Бегдимурат Жалилов билдирди. Анын айтымында, учурда донорлор тарбынан каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө 36 турак жай курулууда. Бул үчүн 5 гектар жер болүнүп берилген. Андан тышкары, түркиялык компания… Кененирээк…

Кыргызстанда жаңы окуу жылында балдар болжолдуу түрдө мектептен билим алат

Кыргызстанда жаңы окуу жылында балдар болжолдуу түрдө мектептен билим алат. Бул тууралуу Акипресске саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. Ал белгилегендей, бул тууралуу билим берүү министрлиги менен талкуу боло элек. Бирок, ковиддин жаңы учурлары учурдагыдай эле азая берсе, анда министрлик окууну кадимки режимде баштоо уруксаат… Кененирээк…

Кыргызстанда ковиддин жаңы учурлары азаюда

Кыргызстанда ковиддин жаңы учурлары азаюда. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, акыркы суткаларда ковид жуктуруп алгандар 500гө жетпей калды. Анын ортосунда өлкө боюнча массалык эмдөө жүрүүдө. Алсак, акыркы суткада дээрлик 25 миң адам вакцина алды. Муну менен өлкө боюнча 188 миң 700 адам эмдөөнүн курсунан толук өттү.… Кененирээк…

Кытайдагы 5,5 баллдык жер титирөө Нарында да сезилди

Кытайдагы 5,5 баллдык жер титирөө Нарында да сезилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы КР Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдирди. Маалыматка ылайык, 9-августта саат 16:51де Кытай Эл Республикасын аймагында очогунда күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жердин силкинүүсү Нарын облусунун Ат-Башы районунун… Кененирээк…

Бишкекте мектеп жана бала бакчалар күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даярдалууда

Бишкекте мектеп жана бала бакчалар күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даярдалууда. Капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришкендей, учурда иштер №35, 11, 51 мектептерде жана №181 бала бакчада жүрүп жатат. Ал эми №3, 34, 26, 71 мектептерде жана №28, 100 бала бакчаларда жумуштар толук аяктады. Объектилерде жылуулук тармактары жана канализация… Кененирээк…

Быйыл 7 айда мамлекеттик карызды төлөөгө рекорддук көрсөткүчтө каражат жумшалды

Быйыл 7 айда мамлекеттик карызды төлөөгө рекорддук көрсөткүчтө каражат жумшалды. Тагыраагы, январдан июлга чейин бул максатта 21 миллиард 790 миллион сом багытталды, — деп билдиришти экономика жана каржы министрлигинен. Сумманын 11 миллиард 200 миллион сому тышкы карызга берилди. Салыштырмалуу айта турган болсок, былтыр ушул эле… Кененирээк…

АКШда SpaceX тарыхта эң бийик ракетаны чогултту

АКШда SpaceX тарыхта эң бийик ракетаны чогултту. Starship ракетасы Айга жана Марска учууга ылайыкталды. Көп жолу колдонсо боло турган космостук кеменин бийиктиги 120 метрди түзөт. Салыштырмалуу айта турган болсок, Илон Масктын компаниясынын буга чейин негиздеген ракетасынын бийиктиги 70 метрге гана жетчү. Белгилеп кетчү нерсе, алып… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан жабыркаган ишкерлерге жеңилдетилген насыя берилет

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан жабыркаган ишкерлерге жеңилдетилген насыя берилет. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду. Ага ылайык, 76 ишкер 200 миң сомдон, 0,1 үстөк пайыз менен жеңилдетилген насыя алышат. Бул максатта жалпысынан 15 миллион 200 миң сом багытталат. Тапшырма Экономика жана… Кененирээк…